Биз менен байланышыңыз

Азык-түлүктүн баасын көтөргөндөрдү 24 саат бою КТРКдан көрсөтүү сунушталды

Кыска кабар | 17 Мар 2022 | 367 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев парламенттин 17-марттагы жыйынында азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөргөн жарандарга карата чара көрүүнү сунуштады.

Ал мамлекет үчүн, эл үчүн экономикалык жактан кыйын болгон учурларда азык-түлүктүн баасын себепсиз көтөргөндөрдү эл душманы деп атады.

«Айрым эл душмандары деп айтат элем, аларга башкача сөз таба албайм, товарлардын баасын кымбаттатып, керек болсо кампаларындагы товарларын сатпай, катып, баа көтөрүлгөндө сатам дегендер болууда. Акчалуу жарандар азык-түлүктү сатып алып, баанын көтөрүлүшүн күтүп жатышат. Мына ушундай эл душмандарын биз КТРКдан болобу, социалдык тармактардан болобу, 24 саат элге көрсөтүп, ички иштер органдары аркылуу чараларды көрүү керек деп эсептейм» , — деди Маматалиев.

24-февралда Орусия Украинада согуш баштагандан бери Кыргызстандын экономикасында оор абал түзүлдү. Доллардын курсу кескин кымбаттап, азык-түлүктүн баалары жогорулады. Орусиянын бажы кызматы 11-мартта дан азыктарын жана кумшекерди үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого убактылуу тыюу салды.

Ошондон кийин Бишкектеги супермаркеттерде жана базарларда кумшекер менен өсүмдүк майы кымбаттап, аталган товарлар азайып, эл дүрбөлөңгө түшкөн. Министрлер кабинети болсо өлкөдө азык-түлүктүн баасы жетиштүү экенин айтып, ишендирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM