Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун Аксы окуясынын 20 жылдыгына байланыштуу кайрылуусу

Кыска кабар | 17 Мар 2022 | 191 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта Аксы окуясынын 20 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Ал 2002-жылдагы Аксы окуясы бийлик бутактарында карама-каршылыктар күчөп, реформалар үзүрүн бербей, жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кылып турганы себеп болгонун белгилейт.

Натыйжада мамлекеттеги абал курчуп, бийликтин бардык бутактарында Акаевдин үй-бүлөсүнүн жосунсуз жоруктары чектен ашкан. Социалдык-экономикалык абал оорлоп, саясий кырдаал кризиске кабылган.

Президенттин айтымында, Аксы районунун тургундары эл байлыгын талоонго алууга, өлкөнүн улуттук байлыгын сатууга макул болбогон азаматтарды кысымга алган текебер бийликке жалтанбастан каршы чыгышкан. Авторитардык жана коррупцияга чырмалган режимге каршы чечкиндүүлүк, каармандык менен күрөшкөн. Келечекке кайдыгер карабаган аксылыктар өз кызыкчылыгынан эл кызыкчылыгын жогору койгон.

«Эгемен Кыргызстандын тарыхында бир нече төңкөрүштөр орун алды. Алар — демократия жолундагы, таза, эркин, өнүккөн мамлекет куруу сапарындагы эң оор, мааниси терең тарыхый окуялар. Өкүнүчтүүсү, бул тарыхый төңкөрүштөр карапайым жарандарыбыздын өмүрүн алды. Аксы трагедиясында курман болгон атуулдарыбыз биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн, элдин эркиндиги үчүн өз жандарын аябаган аксылыктардын эрдигине таазим кылам!», — деп айтылат кайрылууда.

2002-жылдын 17-мартында Нарындагы Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине жана ошол кездеги бийликтин бул кадамына каршы чыккан Азимбек Бекназаровдун камакка алынышына нааразы болгон эл Аксыдан Бишкекке жөө жүрүш жасаган. Аларды токтотуу үчүн Боспиек айылынан күч түзүмдөрү тосуп чыгып, эки тараптын кагылышынан 6 адам каза таап, 70тен ашык адам ар кандай жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM