Кыргызстанда 17-мартка карата дагы 13 адамдан коронавирус аныкталды. Бишкек шаарында – 10, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 1 адамдан илдет табылган.
Өлкөдө пандемия башталгандан бери 200 миң 776 адамга коронавирус жукту.
Акыркы суткада бир бейтап каза болуп, жалпы өлүм учурлары 2 миң 976га жетти.
Соңку суткада дагы 39 адам илдеттен сакайып, жалпы айыккандар 195 миң 985 киши болду.
Бүгүнкү күндө ооруканада 109, үйдө 122 адам дарыланууда.