Биз менен байланышыңыз

Расул Абазбек уулу билим берүү министринин орун басары болду

Кыска кабар | 17 Мар 2022 | 1561 | 0

Расул Абазбек уулу билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды.

Бул кызмат орунга дайындалганга чейин ал билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп иштеп келген.

Расул Абазбек уулу эмгек жолун 2002-2003-жылдары Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда окутуучу, жаштар комитетинин төрагасы, ректордун жардамчысы катарында баштаган.

2003-жылдан тарта Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, доцент кызматтарында эмгектенген. Ошондой эле ар кайсы жылдары эл аралык мамилелелер факультетинин профсоюз комитетинин төрагасы, декандын тарбия, илим боюнча орун басары кызматтарын аркалаган.

2012-2016-жылдары Кыргыз улуттук илимдер академиясынын түштүк филиалында этникалык маселелер бөлүмүнүн башчысы болгон.

2016-жылдын 22-июлунан 2017-жылдын 2-февралына чейин ОшМУнун окуу-информациялык департаментинин директору кызматында иштеген.

2017-жылдын 2-февралында билим берүү жана илим министринин буйругу менен Ош мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору болуп дайындалган.

2018-жылдын 30-июлунан 2019-жылдын 11-ноябрына чейин ОшМУнун жаңы технологиялар жана дистанттык билим берүү боюнча проректору кызматын аркалаган.

2019-жылдын ноябрь айынан 2020-жылдын ноябрь айына чейин билим берүү жана илим министринин кеңешчиси кызматында эмгектенген.

2020-жылдын аягынан ушул мезгилге чейин Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун мониторинг жана баалоо боюнча адиси кызматында иштеп келет.

Абазбек уулу Расул бир эле окутуучулук-илимий чөйрөдө эмгектенбестен, коомдук иштерде да жигер көрсөтүп келет. 2005-жылдан 2013-жылга чейин «Фергана өрөөнүндөгү тынчтыкта өнүгүү» коомдук фондунун монитору кызматынан баштап аткаруучу директорлугуна чейин жеткен. Бул аралыкта чек ара жана ресурстук чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча ондогон долбоорду ишке ашырууга катышып, көптөгөн аналитикалык отчётторду даярдаган. Ош шаарындагы «Ынтымак» телеканалында «Чарпалек» автордук көрсөтүүсүнүн алып баруучусу катары да белгилүү.

2009-2011-жылдары Эл аралык CARTI (Борбор Азиядагы изилдөөлөр жана тренинг демилгелери) программасынын катышуучусу болгон. 2010-жылы Венгриянын Будапешт шаарындагы Борбордук Европа университетинин эл аралык мамилелер департаментинен иш тажрыйбадан өтүп келген.

2011-жылы Бишкек шаарында «Фергана өрөөнүндөгү миграциялык процесстер: негизги тенденциялар жана көйгөйлөр» деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, саясат таануу илимдердин кандидаты илимий даражасын алган. Учурда «Кыргызстандагы этникалык мобилизация» деген темадагы докторлук диссертациясынын үстүндө иштөөдө. 30дан ашуун илимий-аналитикалык макаланын, бир монографиянын жана эки окуу-усулдук колдонмонун автору.

2011-2017-жылдары ОшМУнун алдындагы «Тынчтыкты изилдөө» борборунун, 2015-2017-жылдары «Чет өлкөлөрдөгү этникалык кыргыздарды изилдөө» борборунун жетекчиси болуп иштеген. 2016-жылы гуманитардык экспедициянын курамында Ооганстандагы этникалык кыргыздардын жашоосун изилдөөгө катышкан. Президенттин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңешинин мүчөсү. Жыйырмадан ашуун чет өлкөлүк жана аймактык илимий-практикалык конференция-семинардын катышуучусу (Лондон, Будапешт, Стамбул, Измир, Үрүмчү, Алматы, Москва, Ереван, Хожент).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM