Биз менен байланышыңыз

Баткен окуясында каза болгон Каратаевдин үй-бүлөсүнө президент унаа белек кылды

Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 159 | 0

2021-жылдын 28-29-30-апрелинде тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгон Мамасалы Каратаевдин үй-бүлөсүнө президент Садыр Жапаров унаа белек кылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчынын атынан берилген унааны президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев тапшырды.

Облус башчысы маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, ар дайым мамлекет тарабынан тиешелүү жардамдар мындан ары да берилип, көзөмөлдө болорун билдирди.

Курман болгон Каратаевдин унаасы жараат алган кыргыз аскерлерин ооруканага ташып жаткан учурда талкаланган. Маркумдун уулу буга чейин атасынын унаасын калыбына келтирип, айдагысы келгени боюнча кайрылуу жасаган. Өлкө башчысы маркумдун уулунун кайрылуусун угуп, анын үй-бүлөсүнө унаа тапшырды.

Каратаевдин үй-бүлөсү учурда чек ара окуясында каза болгон жарандар үчүн курулган Мадина шаарчасында жашайт. Маркумдун артында жубайы жана 6 баласы калган.

Эске салсак, 2021-жылдын 28-29-30-апрелинде тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 190 адам жаракат алган. Ошондой эле 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган. Ал эми Тажикстан тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM