Биз менен байланышыңыз

Парламентте хирург Эрнст Акрамовго үй берүү маселеси көтөрүлдү

Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 2198 | 0

Белгилүү хирург Эрнст Акрамов ишсиз калып, жашаган жери да жок болууда. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, жашай турган үй берели. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев айтты.

«Эки күндөн бери коомчулукта дүрбөлөң болуп жатат, белгилүү хирургубуз, КР баатыры, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эрнст Акрамов жумушсуз калып, жашаган жери да жок экен. Урматтуу төрага, карап көрсөңүз, мүмкүнчүлүк болсо, жашоосуна шарт түзүп берсек, адамгерчиликке жатмак», — деди депутат.

14-мартта Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылып, хирург Эрнст Акрамов иштен алынганын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген. Борбордун түзүмү өзгөрүп, ага жаңы башкы дарыгер дайындалганын маалымдаган.

85 жаштагы хирург Эрнст Акрамов ошол ооруканада жашай турганы да белгилүү болгон. Буга байланыштуу 15-мартта жарандык активисттер жана дарыгерлер Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институтунун жабылышына каршы пикирлерин билдирип, кайрылуу жасашкан. Алар Акрамовдун ысымын ооруканага ыйгарып, өзүнө жашай турган үй берүүнү сунушташкан.

Өмүр баяны

Эрнст Акрамов 1936-жылы Бишкек шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Эмгек жолун Бишкектеги №2 клиникалык ооруканада хирург болуу менен баштаган.

1967-жыл кандидаттык, 1990-жылы докторлук диссертациясын жактаган. КММИде ассистент, доцент, респубикалык клиникалык ооруканада жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

1992-жылдан бери Чүй облустук ооруканасында хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген. 1989-1992-жылдары СССР Жогорку Советинде, 2007-2010-жылдары КР Жогорку Кеңешинде депутат болгон.

130дан ашык илимий эмгектин, 4 монографиянын жана 2 ойлоп табуунун автору. Жаратылыш жана коом эл аралык академиясынын академиги, гимнастика боюнча СССР спортунун чебери, Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM