Биз менен байланышыңыз

Мейкинбек Абдалиев Жогорку Кеңеште ант берди

Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 177 | 0

Бүгүн, 16-мартта Мейкинбек Абдалиев Жогорку Кеңештин жалпы сессиясында ант берип, депутаттык кызматына киришти.

Маалым болгондой, Абдалиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалган Равшанбек Сабировдун ордуна келди.

Абдалиев буга чейин VI чакырылышта бир жылга жакын мөөнөткө депутат болгон.

Ал жеке ишкер катары белгилүү: GARANT-AUTO жана башка бир нече компанияны жетектейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM