Биз менен байланышыңыз

Украинанын аймагында 93 кыргызстандык калууда

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 177 | 0

10-март Киев убактысы боюнча 21:00гө карата Украинада согуш башталгандан бери Кыргызстандын Украинадагы элчилиги тарабынан жалпы 559 жаран эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов «Фейсбук» баракчасына жазды.

Болжолдуу маалыматтар боюнча Украинанын аймагында 1357 кыргыз жараны жашайт, алардын 680и элчиликтин консулдук каттоосунда турат.

Элчинин маалыматына караганда, акыркы убакта жардам сурап кайрылгандардын саны өсүүдө. Украинанын аймагында учурда 93 кыргызстандык калууда. 8-мартта кезектеги эвакуациядан кийин 71 жаран калган болчу, бирок акыркы 2 күндө дагы 22 кыргызстандык жаран жардам сурап кайрылган.

Учурда согуш зоналарында төмөнкү жарандар калууда:
— Николаев району-10;
— Киев облусу — 3 (1 үй-бүлө);
— Житомир району, Панасивка айылы — 3;
— Харьков — 6 (баары баш тартты);
— Киев — 9 (баары баш тартты).

Электр жарыгы өчүрүлгөнүнө байланыштуу алардын айрымдары менен байланыш үзгүлтүккө учурап, байланыш туруктуу эмес. Жарандардын бул тобу гуманитардык коридорлор аркылуу эвакуацияланары күтүлүүдө. Аларды уюштуруу украин тарап менен такталууда.

Элчи кошумчалагандай, Украинада калган 93 жарандын 50%ы ар кандай себептер менен эвакуациялоодон баш тартышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM