Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан бир бейтап каза болуп, дагы 20 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 179 | 0

Кыргызстанда 11-мартка карата коронавирус 20 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 25 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 161 бейтап, амбулатордук түрдө 210 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 707 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 786 киши айыгып чыкса, 2 миң 969 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM