Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга 20 миң тонна азоттук-минералдык жер семирткич келди

Кыска кабар | 10 Мар 2022 | 158 | 0

Март айынын аягына чейин өлкөнүн түштүгүнө 5-10 миң тоннанын тегерегинде азоттук-минералдык жер семирткич материалдык резервдер аркылуу келет. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Жаныбековдун айтымында, жыл башынан бери Кыргызстанга 20 миң тонна азоттук жана минералдык жер семирткич келди. Жума күнү кошумча нарк салыгы боюнча маселе чечилери менен сатыкка чыгат.

Ошондой эле жер семирткич жана тоют ташуучулардын пайыздык өлчөмүн нөлгө түшүрүү маселеси эртең өкмөттүн жыйынында каралары белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM