Биз менен байланышыңыз

«Бендер-Аббас — Ош маршурутун чийүү боюнча иштер жүрүүдө»

Кыска кабар | 10 Мар 2022 | 132 | 0

Учурда «Бендер-Аббас — Ош» маршурутун чийүү боюнча иштер жүрүүдө. Жакында «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясынын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк Иранга иш сапары менен барат. Андан тышкары Орусия менен 100 платформа сатып алып, ошол багытта иш жүргүзөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Амангелдиев билдиргендей, учурда «Эркечтам» өткөрмө бекетин туруктуу жана күнү -түнү иштетүү боюнча Кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Аталган өткөрмө бекет аркылуу жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү боюнча Кытайга кат жөнөтүлгөн.

Мындан сырткары министр Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району (СУАР) менен «Бедел» өткөрмө бекетин ачуу пландалып жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM