Биз менен байланышыңыз

Амангелдиев: Абалды турукташтырууга бюджеттен 5,5 млрд сом бөлүнөт

Кыска кабар | 10 Мар 2022 | 239 | 0

«Өкмөт тарабынан иш пландар толугу менен иштелип чыкты. Негизги үч блок боюнча: насыя берүү, тамак-аш кампаларын толтуруу жана калктын реалдуу кирешелеринин азайышына байланыштуу жөлөк пул аркылуу колдоо көрсөтүү каралган. Экономиканы кыска мөөнөттө турукташтыруу максатында бюджеттен 5,5 млрд сом каражат каралып жатат. Буйруса, жакында ушундай өзгөртүүлөр менен сиздердин алыңыздарга келебиз», — деди Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында.

Жыйында депутат Исхак Масалиев Кыргызстандын чет өлкөдөн алган карыздарын сомго айландырып, сом менен бекитүү керектигин сунуштады.

Ошондой эле ал Кыргызстанда бир топ ишканалар, алардын катарында чет элдик жеке мектеп жана университеттер окуу акыларын доллар менен эсептей турганын белгилеп, аларды тез арада сомго өткөрүү керектигин эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM