Биз менен байланышыңыз

Кымбатчылык: Чеги жана кесепеттери белгисиз

Саясат , Экономика | 7 Мар 2022 | 1175 | 0

Кыргызстанда кымбатчылык маселеси айрыкча акыркы бир жумада өзгөчө күч алды. Сатуучулар мунун себебин доллардын өсүшүнө байланыштырса, аткаруу бийлиги Орусия менен Украинанын ортосундагы кырдаалга байланыштырышат. Себеби Кыргызстанга импорт товардын 70%ы Орусиядан келет. Кымбатчылыктын токтоор чеги белгисиз болуп, элди түйшүккө салып турган учуру. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

3-мартта Жогорку Кеңеш Украинадагы кырдаалдан жаралып жаткан экономикалык кыйынчылыкка, улуттук коопсуздукту камсыздоого көрүлгөн чаралар боюнча Министрлер кабинетинин маалыматын угушкан. Жыйында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Өкмөттүн антикризистик планы даяр эмес экенин айтып, бир жумада программа даярдап чыгууга убада бергенин депутат Эмил Токтошев билдирди.

Токтошевдин айтымында, баалардын өсүшү Украина менен Орусиянын ортосундагы чатактан көз каранды болгондуктан, кымбатчылык дагы канчага узарарын жана кесепеттерин эч ким айта албайт.

«Өкмөттүн антикризистик планы даяр эмес экен. Биз өткөн жумада жабык эшик артында караганыбызда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев акыркы кырдаалга карата бир жумада антикризистик программа иштеп чыга турганын айтты. Биз эске алынышы керек болгон сунуштарды айттык. Дыйкандарга арзан баада насыя берүүнү сунуштадык, өкмөт ушул жактан гана жардам бере алат. Ошолорду быйыл түзмө-түз көзөмөлдөп, элге керектүү нерселерди эккенге жардам бериши керек. Керектелүүчү товарды өзүбүз өндүрмөйүнчө, башка өлкөлөргө көз каранды болуп, оор абалда кала беребиз. Азыр эми Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш качанга чейин узарат, эч ким айта албайт. Мунун кесепети кандай болот, аны да эч ким айта албайт. Бирок кесепети жакшы болбойт, каатчылык, кымбатчылык болот. Ошондуктан ар бир дыйкан кийинки жылга өзүнүн оокатын өзү таап алганга өкмөт шарт түзүп бериши керек. Шарт түзүүдө бир гана жол бар — бул арзан пайызда насыя берүү».

7-мартка карата коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда АКШ доллары 97-98 сомдун тегерегинде болууда. Улуттук банктын расмий курсу 97 сом 67 тыйын деп белгиленди. Ал эми евро 108 сом, рубль 92 тыйын болууда. Доллардын кескин кымбаттоосуна байланыштуу Кыргызстандагы 25 бизнес бирикме бийликке кайрылып, насыяны улуттук валютага которуу өтүнүчүн жолдошкон.

Бийликтен кандай жооп болгонун Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков мындайча түшүндүрдү.

«Бул кайрылууну Агро өнөр жай бирикмеси демилгелеген. Бизге жана башка ассоциацияларга колдоп берүүнү суранышканда, биз да колдоп бергенбиз. Бүгүн карасак, Улуттук банктан: «Азырынча андай чара колдоно албайбыз. Себеби, валюталык тобокелчиликтер бар», — деген жооп келди. Бирок туш-туштан угуп жатабыз, майда жана орто бизнестин өкүлдөрү баалардын өсүшү жана товарлардын келүүсү менен ар түрдүү маселелерге кабылышууда. Баалар бензинге жана ошол өлкөлөрдөн келе турган товарларга кымбатташы мүмкүн. Ошого жараша бизде да баалар кымбаттаса, сатуулар да азайышы мүмкүн. Себеби, көпчүлүк андай баада товарды ала албай же аз өлчөмдө алып калышы мүмкүн».

Өлкөдөгү абал оор болгондуктан мындай учурда бийлик кыска убакытка салыктан бошотуп, бюджетти түзүү принцибин өзгөртүп, кандайдыр бир кадамдарга барса, бул абалдан жалпы эл жеңилирээк чыгып кетмек деп эсептейт «Улуттук бизнес ассоциациялар» альянсынын жетекчиси, экономист Искендер Шаршеев.

«Көбүнчө элдин жана ишкерлердин кредиттери доллар менен алынган; импорттун баары доллар менен кетип жатат. Ошондуктан доллардын кымбатташы элге катуу тиет. Сырттан бардык өндүрүштүк азыктар доллар менен алынып келгендиктен, мунун таасири баарына тиет. Кыргызстандын өндүрүшү өтө аз өлчөмдө гана. Андан кайтыштын эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Улуттук банкка ишкерлер насыяны улуттук валютага которууну суранышкан болчу, бирок анте албайбыз деп жооп беришиптир. Доллар менен алынган насыяларды сомго өткөрүшү керек болчу. Көбүнчө өндүрүштүк товарлар Кытайдан келет, алар да доллар менен келет. Аларды юань менен өткөрсө, жакшы болмок. Бирок алар каршы болуп, доллар менен сурап жатышат. Албетте, азыр абал начар, мамлекет ушундай учурда салыктарды азайтып, кыска убакытка салыктан бошотуп, бюджетти түзүү принциптерин өзгөртүп, кандайдыр бир кадамдарга барса, эл бүгүнкү абалдан жеңилирээк чыгып кетмекпи деген ойдомун». 

Эске салсак, жакында эле президент Садыр Жапаров өлкөдөгү кризистик абал боюнча кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды алтын сатып алууга чакырган. Ал мындай механизмдер менен инфляция ооздукталып, каржы базарындагы туруктуулук камсыздаларына ишендирген.

Андан соң Улуттук банк өлкө башчынын кайрылуусунан кийин алтын куймаларын сатып алууну каалагандардын саны өскөнүн билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM