Биз менен байланышыңыз

Австралиянын аймактарын сел каптап, бир нече адам каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Фев 2022 | 354 | 0

Австралияда бир жумадан бери токтобой жааган кара нөшөрдүн аягы селге айланып, өлкөнүн бир нече аймагы суу астында калды. Куткаруучулар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат, каза болгондор жана дайынсыз жоголгондор бар. Бул тууралуу «МИР-24» каналы маалымдады.

Австралиядагы селдин кесепети адам өлүмү менен да коштолду. Алдын ала маалыматтар боюнча алты адам каза болуп, бир суткада жүздөн ашык адам жардам сурап кайрылган.

Нөшөрдөн Брисбен дарыясы ташып, суунун деңгээли үч метрден ашты. Акыркы 48 жылдан бери мындай апаат каттала электигин айткан борбордук бийлик элди колдон келсе, эч жакка чыкпай, үйдө отурууга чакырып жатышат.

Синоптиктердин маалыматына караганда, Австралияда бороондуу кара нөшөр дагы бир жумага уланышы мүмкүн. Мындан дамбалардын жарылып кетүү ыктамалы барын эскертишүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM