Биз менен байланышыңыз

Дарига Назарбаева депутаттык мандаттан баш тартканын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 176 | 0

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаева парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты мандатынан баш тартканын жарыялады.

Мындан ары толугу менен коомдук, гуманитардык, маданий жана кайрымдуулук иштерине көңүл бурууну чечкенин билдирди.

Назарбаева январь айындагы окуяларды «жалпы элдин чоң трагедиясы» катары сыпаттап, «дыкат жана объективдүү териштирилип-иликтенип, күнөөлүүлөр жазасыз калбашы, күнөөсү жоктор бошотулушу керектигин» жазды.

Январдагы окуялардан кийин 57 жаштагы Дарига Назарбаева бийликтеги «Нур Отан» партиясынын саясий кеңешинин курамынан чыгарылган.

Ал былтыр май айына чейин Сенаттын спикери болчу. Кийин анын ыйгарым укуктарын президент Касым-Жомарт Токаев өз буйругу менен токтотуп койгон жана себеби ачык айтылган эмес.

Назарбаева убагында өкмөттө жана парламентте жогорку кызматтарды ээлеп келген.

Быйыл январда Казакстандын бир катар шаарларында өкмөткө каршы нааразылык акциялары өтүп, ал тоз-тополоң, башаламандык менен коштолгон. Анда көчөгө чыккандар мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин ыйгарым укуктарынан толук баш тартуусун жана азыркы президент Касым-Жомарт Токаевдин кызматын тапшыруусун талап кылышкан. Бийлик тополоңду «сырттан даярдалган террорчулар ишке ашырды» деп кабарлаганы менен буга ишеничтүү далилдерди келтире элек.

Расмий маалыматтарга ылайык, бул окуяларда 227 адам каза болгон. Бийлик алардын аты-жөндөрүн жарыялай элек. Укук коргоочулар жана ыктыярчылар  көз жумгандардын ысымын өз алдынча топтоп жатышат.

Тополоңго байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалган, алардын миңге жакыны камакка алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM