Биз менен байланышыңыз

Орусия Британиянын санкцияларына каршы жооп берет

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 191 | 0

Аба транспортунун федералдык агенттиги Британиянын авиациялык бийликтерине аба каттамдары келишиминин жоболорун сактоо боюнча билдирүү жөнөттү.

24-февралда Улуу Британия премьер-министри Борис Жонсон парламентте Украинадагы кырдаалга байланыштуу Лондон «Аэрофлоттун» Улуу Британиядагы ишине тыюу салып, Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексинин айрым ишканаларына каршы санкцияларды киргизип жатканын билдирген.

Орусия тарап «Аэрофлотко» каршы санкциялардан кийин Москва «күзгү чараларын» колдонушу мүмкүн экенин эскертти.

«Орус тарап паритет принцибин сактоо жана дайындалган авиакомпаниялар үчүн бирдей укуктарды камсыз кылуу максатында өкмөттөр аралык макулдашуунун жоболоруна ылайык күзгү чараларды колдонот», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми аба транспортунун федералдык агенттиги 25-февралда эле Британиядан Орусияга 70 транзиттик каттамды, ошондой эле Лондон-Москва багыты боюнча эки каттамды аткарышы керектигин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM