Биз менен байланышыңыз

Орусия Япониянын санкцияларына олуттуу жооп кайтарат

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 143 | 0

Орусия Япония киргизген жаңы санкцияларга жооп кайтарат. Бул тууралуу Орусиянын Токиодогу элчиси Михаил Галузин билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

«Москва Япониянын чектөөлөрү тууралуу билдирүүлөрдү окуду. Жакында мен Япониянын жогорку даражалуу өкүлдөрүнө Орусия бул аракеттерге жооп кайтарарын айттым», — деди элчи.

Ал эми Япониянын премьер-министри Фумио Кисида өлкө санкцияларга карабастан Орусия менен кызматташуу боюнча министр кызматын сактап кала турганын айткан.

Буга чейин Токио Донбасстагы кырдаалга байланыштуу Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизип жатканы кабарланган. Анын негизинде Япония Орусиянын айрым жарандарына виза берүүгө тыюу салып, жеке адамдардын жана уюмдардын активдерин тоңдурат. Мындан тышкары аскердик максатта колдонула турган товарларды экспорттоого санкция киргизет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM