Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик Орусиянын Украинага кол салышын катуу айыптады

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 164 | 0

Европа Биримдиги Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Украинага себепсиз басып киришин катуу айыптайт. Бул тууралуу биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү маалымат таратты.

Европа Биримдиги эл аралык коомчулукту Орусиянын дүйнөлүк масштабда эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч туудурган агрессиясын тезинен токтотууну талап кылды. Мындай билдирүү биримдиктин башка өнөктөштөрү менен толук макулдашылганы айтылды, ал экономикалык секторго да, жеке мүнөздөгү да чектөөчү чараларды камтыйт.

«Европа Биримдиги Украинанын эгемендигин жана эл аралык деңгээлде таанылган чек араларындагы аймактык бүтүндүгүн туруктуу колдоосун жана жактаарын ырастайт. Биз Украина элин жана анын демократиялык жол менен шайланган институттарын жана өкүлдөрүн колдойбуз», — деп айтылат билдирүүдө.

24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага аскердик операция башталганын жарыялаган. Натыйжада Украинанын бир топ шаарларында, облустарында жардыруу, атышуу орун алган.

Украина Коопсуздук кеңешинин чечими менен өлкөгө «согуштук абал» жарыялаган.

25-февралга карата Украинада 137 адам каза таап, 300дөн ашуун адам жарадар болгонун өлкө президенти Владимир Зеленский видеокайрылуусунда айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM