Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Көчкүдө калган «Пикап» унаасы табылды

Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 254 | 0

Бүгүн, 24-февралда «Түндүк-Түштүк» альтернативдик унаа жолунунун 338-чакырымында Көкарт ашуусундагы тоннелдин түштүк тарабынан куткаруучулар «Пикап» унаасын табышты. Бирок унаанын ичинде айдоочусу болгон эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган тилкеде «Чайна Роуд» ишканасынын бир кызматкери дайынсыз болууда.

Гидрометеорологиялык кызматтын адистеринин маалыматына ылайык, 338-чакырымына болжол 600 миң кубометр кар түшкөн. Кардын орточо бийиктиги 10 метрди түзөт.

Эскерте кетсек, «Түндүк-Түштүк» альтернативдик унаа жолунунун 332 жана 338-чакырымындарында 14-февралда кар көчкү түшүп, төрт адамды кар көчкү басып калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM