Биз менен байланышыңыз

Алтынбек Сулайманов: Президент мага бийик ишеним көрсөттү

Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 3532 | 0

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жаңы дайындалган экс-депутат Алтынбек Сулайманов соцтармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

Ал билдирүүсүндө көп жылдар бою мыйзам чыгаруу бийлигинде эмгектенип келсе, эми өз күчүн аткаруу бийлигинде сынап көрүүнү чечкенин айткан.

«Урматтуу мекендештер! Мен ушул күнгө чейин көп жылдар бою мыйзам чыгаруу бутагында эмгектенип келдим. Менин депутаттык ишмердигиме шайлоочуларым жана кыргыз элим баа берер. Бүгүн мен өз күчүмдү аткаруу бийлигинде сынап көрүүнү чечтим. Менин чечимимди президентибиз Садыр Жапаров колдоп берди. Мындайча айтканда, мага бийик ишеним көрсөттү. Ошол ишеничти толук актоого бүт күчүмдү жумшайм. Кайсы тармакта, кайсы кызматта болбоюн, менин максатым — дайыма элиме ак кызмат кылуу», — деп жазган Сулайманов.

Мамлекет башчысы бүгүн, 24-февралда Алтынбек Сулаймановду кабыл алып, ага аймактын туристтик дараметин эске алуу менен социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Президент Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен Мирбек Кожоев Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Алтынбек Сулайманов 1972-жылы 24-сентябрда Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган. Үч жогорку билимдин ээси. «Бир бол» саясий партиясынын лидери. Президенттин, Жогорку Кеңештин «Ардак грамотасы», мамлекеттик «Достук» ордени, КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын «Ардак грамотасы» менен сыйланган. 2007-жылдан бери Жогорку Кеңештин төрт чакырылышына депутат болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM