Биз менен байланышыңыз

Алтынбек Сулайманов Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болду

Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 506 | 0

Алтынбек Сулайманов Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

 Мамлекет башчысы бүгүн, 24-февралда Алтынбек Сулаймановду кабыл алып, анын алдына аймактын туристтик дараметин эске алуу менен социалдык-экономикалык жактан өнүгүктүрүү үчүн бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Президент Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен Мирбек Кожоев Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Алтынбек Сулайманов 1972-жылы 24-сентябрда Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган. Үч жогорку билимдин ээси. «Бир бол» саясий партиясынын лидери. Президенттин, Жогорку Кеңештин «Ардак грамотасы», мамлекеттик «Достук» ордени, КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын «Ардак грамотасы» менен сыйланган. 2007-жылдан бери Жогорку Кеңештин төрт чакырылышына депутат болгон.

Copyright © 2017 Maral FM