Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдүн губернатору Мирбек Кожоев кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 199 | 0

Мирбек Кожоев Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Мирбек Кожоев Конституциянын 71-беренесине ылайык, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.

Мирбек Кожоев өткөн жылдын 11-майда Министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусунундагы өкүлү болуп дайындалган. Тиешелүү буйрукка мурдагы өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгон.

Мирбек Кожоев ага чейин КТРКда журналист, Президенттин аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары – мониторинг секторунун башчысы кызматтарында иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM