Биз менен байланышыңыз

Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты

Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 226 | 0

Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Казакстандын Нур-Султан шаарында ушул жылдагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар форматтагы алгачкы жыйыны өттү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кеңешмени ачууда Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловду жогорку жана жоопкерчиликтүү кызматка дайындалышы менен куттуктады.

Ошондой эле ал Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти комиссияга 10 жыл толушу менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Жапаров белгилегендей, 26-27-майда Бишкек шаарында Евразия экономикалык форумун өткөрүү мерчемделүүдө. Иш-чара Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин катышуусунда өтөт.

Эртең Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны кеңейтилген курамда болот.

Евразия экономикалык биримдигине Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мамлекеттери мүчө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM