Биз менен байланышыңыз

Жапаров Баткендеги 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон тапшырды

Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 227 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунун Кадамжай районундагы 50 үй-бүлөгө 100 миң сом өлчөмүндөгү гранттарды тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы социалдык жактан аяр категориядагы 100 үй-бүлөгө жардам көрсөтүү максатында инновациялык пилоттук долбоорду ишке киргизген. Бул пилоттук долбоор республиканын эки районунда ишке кирди.

«Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде социалдык жардам» долбоорунун алкагында бир жолку гранттар берилди.

Баткен облусуна берилген өзгөчө макамдын алкагында социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү эки эсеге жогорулатылды. Баткен облусунда 14 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө каттоодо турат, 45 миң 396 бала 810 сомдон жөлөк пул алат.

«Социалдык контракт» – бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим, анын алкагында аяр катмардагы үй-бүлөлөр гранттык каражаттарды, ошондой эле финансылык сабаттуулукка окутууну, бизнес-план түзүүгө көмөк көрсөтүүнү, кесиптик же айыл чарбалык билим берүүнү, ийгиликтүү узак мөөнөттүү бизнес үчүн коомдук кызматтарды жана насааттарды камтыган комплекстүү колдоо пакетин алат.

Долбоор айыл чарбасы, тигүү кызматтары сыяктуу ишмердүүлүк жана башка демилгелер үчүн бизнес-идеялары, башталгыч активдери жана базалык билими бар жакырчылыктын чегинде жашаган үй чарбаларына багытталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM