Биз менен байланышыңыз

Москва: Талант Мамытов миграция маселесин көтөрдү

Кыска кабар | 21 Фев 2022 | 442 | 0

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Москвада Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Анда ЕАЭБ алкагындагы кызматташууну өнүктүрүү тууралуу сөз болуп, Талант Мамытов Орусиядагы кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрүн көтөрдү.

Ал жаңы миграциялык мыйзамды адаптациялоо мезгилинде орус тарап Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен Кыргызстандын эмгек мигранттары үчүн бул эрежелерди кайра карап чыкса болорун айтты.

«Биз Орусия тараптан жумуш менен камсыз кылуу, Орусиянын аймагына кирүү үчүн керектүү жол-жоболордон өтүү үчүн кыргыз тараптын көмөгү менен Кыргызстанда Орусиянын миграциялык борборун ачуунун максаттуулугун карап көрүүнү өтүнөбүз», — деди Мамытов.

Вячеслав Володин бул маселе иштелип чыгып, Орусия өкмөтүнө жөнөтүлөрүн айтты.

Быйыл Орусияга барган жарандар үчүн жаңы медициналык талаптар киргизилди. Ага ылайык, мындан ары чет өлкөдөн Орусияга барган жарандар ИИМге каттоого туруп, сүрөтүн, биометрикалык маалыматтарын, манжа изин тапшырат, медициналык кароодон өтөт.

Бул мигранттарга оорчулук жаратып, нааразы болгондор көбөйүүдө. Ушул мыйзамдын айынан канчалаган кыргызстандыктар депортацияга тушугуп, «кара тизмеге» киргизилип жатышат.

Каттоодон өтө турган жерде миңдеген мигрант кезек күтүп калууда.

Жаңы миграциялык эрежелерге байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, кыргызстандык мигранттар үчүн өзүнчө коридор ачууну өтүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM