Биз менен байланышыңыз

Президент: Тышкы карызды төлөөгө каржы булактарыбызды аныктап койдук

Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 222 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы карызын төлөөгө каржы булактарын аныктап койгонун «Фейсбук» баракчасы аркылуу билдирди.

Билдирүүдө Кыргызстандын жалпы карызы 5 миллиард долларга жакындаганы да айтылат.

«Карызды кайра кайтаруу мөөнөтү менин президенттик мезгилиме туш келип отурат. Эч маселе жок, толук төлөп беребиз. Төлөп бергенге каржы булактарыбызды жана пландарыбызды да аныктап койдук. Динамика көрсөтүп тургандай, үстүбүздөгү жылдан баштап 2026-жылга чейин эң жогорку сумманы – 350 миллион доллар төлөйбүз. Андан кийин төлөм кайра ылдыйлап олтуруп, 2030-жылдар менен төлөп бүтөбүз», — деп жазган президент.

Ошондой эле ал: «Карызга төлөгөн акчаны эмгек акы, пенсия, жөлөк пулду көтөрүүгө колдонсо, ар бир мамлекеттик кызматкер жок дегенде миң доллар эмгек акы алып калмак», — деди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM