Биз менен байланышыңыз

Ооганстанда кудукка түшүп кеткен баланы үч күндөн бери чыгара албай жатышат

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 459 | 0

Ооганстандын Забул провинциясында кудукка түшүп кеткен баланы үч күндөн бери чыгара албай жатышат. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалынын сайты жазды.

10 жаштагы Хайдар 15-февралда тереңдиги 27 метр болгон кудукка түшүп кеткен. Ата-энеси куткаруучуларды чакырып, алар үч күндөн бери балага жардам берүүнүн аракетин көрүшүүдө.

Окуя болгон жерде тез жардам кызматкерлери нөөмөттө турушат. Куткаруу операциясы 48 сааттан ашык убакыттан бери уланууда.

Буга чейин Марокконун Шефшауэн провинциясында беш жашар Райан 30 метрлик кудукка түшүп кетип, беш күн ошол жерде жатып каза тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM