Биз менен байланышыңыз

Атыр Абдрахматова «Жандан» саясий партиясын негиздеди

Кыска кабар | 17 Фев 2022 | 653 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова «Жандан» аттуу саясий партия түзгөнүн «Маралга» кабарлады.

Абдрахматованын айтымында, партия түзүү планы көптөн бери болуп келген.

«Башкы максат: жаштардын өнүгүүсүнө, өзгөрүүсүнө, өсүүсүнө Кыргызстанда шарт түзүү. Бүгүнкү күндө жаштардын көзүндө оту жок, аларды шыктандырып, өлкө ичинде мүмкүнчүлүктөрдү ачуу керек. Жаңы муунду калыптандырып, жол ачып беришибиз керек. Сөзсүз түрдө жаштарга шарт-мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек. Элдин чыныгы баалуулуктарын жандандырып, жаштардын жакшы жашоосуна жол табуу, шыктандыруу жана мобилизациялоо менен муундун алмашуусуна жол түзүп берүүнү максат кылдык», — деди Абдрахматова.

Партияны түптөгөндөрдүн катарында хирург профессор Эльдар Байбулатов, ишкерлер Айбек Кыштообаев, Айнура Анарбекова, жарандык активисттер Рыскулбек Илияев, Толгонай Конушбаева жана башкалар бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM