Биз менен байланышыңыз

Алматыда Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын бажы кызматынын жолугушуусу өтүүдө

Кыска кабар | 16 Фев 2022 | 312 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун чакыруусу боюнча Алматы шаарында иш сапары менен жүрөт. Анын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтык боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны өтүүдө.

Кеңешменин жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин, анын ичинде кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы учурдагы кырдаалды карады.

Жыйындын соңунда тиешелүү протоколго кол коюлат.

Мындан тышкары Алматы шаарында үч өлкөнүн ортосундагы иш-аракеттерди натыйжалуу координациялоону камсыз кылуу максатында Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын бажы жана салык кызматтарынын үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM