Биз менен байланышыңыз

Тазабек Икрамов окуучуларга калпак кийгизүүнү сунуштады

Кыска кабар | 16 Фев 2022 | 1495 | 0

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов окуучуларга улуттук форма кийгизүү сунушун берди.

Ал бул маселени VI чакырылышта да көтөргөнүн, окуучулардын патриот болуп калыптануусу үчүн 1-класстан баштап комуз сабагын киргизүү, «Манас» идеологиясын терең жайылтуу керектигин айтты. Ошондой эле башталгыч класска бир түстөгү калпак, негизги классска бир түстөгү калпак, жогорку класска бир түстөгү калпак кийгизүүнү сунуштады.

Икрамовдун айтымында, ата-бабадан келаткан салттуу кийимдерди окуучуларга да кийгизүү жакшы натыйжа берет.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңеште Билим берүү жана илим министри кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлиги каралып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM