Биз менен байланышыңыз

Мадумаров мигранттардын жагдайын изилдеген комиссия түзүүнү сунуштады

Кыска кабар | 16 Фев 2022 | 777 | 0

Бүгүн, 16-февралда депутат Адахан Мадумаров Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Орусиянын Мамлекеттик Думасынын ортосунда комиссия түзүп, Орусиянын чоң шаарларында иштеп жаткан мигранттардын абалын бир сыйра жеринен көрүп, социалдык маселелерди изилдеп, андан кийин тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Ошондой эле ал комиссияга Тышкы иштер министрлигинен, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен да өкүлдөрдү кошуу керектигин айтты.

Анын айтымында, учурда Орусияда 1 млн 200 миң кыргызстандык эмгектенүүдө.

«Анда биз кош жарандуулук жөнүндө маселени ортого коюшубуз керек болот. Эгерде алар милдеттүү түрдө Орусиянын жарандыгын алууга мажбурлап жаткан болсо, кандай кылышы керек? Мигранттар Орусиядан «киндигин үзө албайт». Ошондуктан мекендештердин маселесин карап, өтө чоң даражада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүбүз керек», — деди Мадумаров.

Жыйында бул маселени башка да депутаттар айтып чыгышты.

Copyright © 2017 Maral FM