Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: ЕАЭБдеги келишимдерди кайра карап чыгууга убакыт келди

Кыска кабар | 16 Фев 2022 | 747 | 0

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Евразия Экономикалык Биримдигине кирүүдө түзүлгөн келишимдерди кайрадан карап чыгууга чакырды.

Анын айтымында, Кыргызстан ЕАЭБге кирүүдө төрт эркиндик алган. Алар: товар жүгүртүү эркиндиги, жумушчулардын кыймылы, капитал жана кызмат көрсөтүү.

«Товар жүгүртүүдө Казакстан менен биздин ишкерлердин арасында маселе болуп жатат. Жумушчуларга медициналык текшерүүдөн өтүү керектиги айтылып, чектөө киргизилүүдө. Капиталдын жүрүшүндө да чектөө бар, Кыргызстанга акча которууда кыйынчылыктарды көрүп келишет. Биздин ЕАЭБде эки министрибиз бар. Ошол эки министрдин да үнү чыкпай калды. Орусияда жүргөн жарандарыбыз кайра-кайра эле кыйнала береби?» — деди Төрөбаев.

Ошондой эле ал парламенттин төрагасы Талант Мамытовду жакында боло турган Орусия сапарында ар бир келишимди карап, тоскоолдуктар боюнча ачык-айкын айтуусун сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM