Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Өкмөттү дагы үч жылдай башкарсам, баарын ордуна коем

Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 1968 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүнкү маалымат жыйында жакында эле социалдык тармактарда анын отставкасы боюнча болгон талкууга жооп берип, кызматтан кетүү тууралуу кеп болбогонун айтты.

Ошондой эле өкмөт туруктуу болгондо экономикалык өнүгүүлөр батыраак болорун кошумчалады.

«Мен эрте менен саат 07:00дө ишке келип, кечки 10:00гө чейин иштеп жатам. Экономикада бир жыйынтыкты көрсөтүү үчүн туруктуу 3 жыл керек. Мен өзүмдүн саясий жетекчилериме да муну айтып жатам: мына «Кумтөр» боюнча иштер жылып жатат. Укук коргоо органдарында коррупциялык элементтерге чектөө коюлду. Ушул нукта кете бере турган болсок, мен үч жылда баарын ордуна коём деген ниетим бар», — деп билдири минкаб жетекчиси.

Буга чейин социалдык тармактарда жакында кадрдык өзгөрүүлөр болору айтылып, анын арасында Акылбек Жапаровдун отставкасы тууралуу да кептер болгон.

Жапаров: Чакан атомдук электр станцияларын куруу кыялыбыз бар

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM