Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Чакан атомдук электр станцияларын куруу кыялыбыз бар

Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 880 | 0

Кыргызстан чакан атомдук электростанцияларды курууга аракеттенип жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйындын жүрүшүнө айтты.

«Жаңы кылымда атомдук электр энергия жана нанотехнология менен электр өндүрүү тренд болууда. Мына биздин кошуналар Өзбекстанда 100 чакан АЭСтин башын бириктирген ири атомдук станция куруп жатат. Орусияда бул иштер активдүү жүрүүдө. Беларусь болсо, буга чейин айтылган АЭСтерди курган. Мына жакында эле коңшу Казакстандын президенти да АЭС куруларын айтты. Өзбекстанда болсо иштер эбак башталган. Негизи АЭС бир күндө эле курула турган нерсе эмес. Ири АЭСтерди куруу 50 жылдан 100 жылга чейинки циклге узарышы мүмкүн. Биз дагы кошуналар сыяктуу ири реактордуу станцияларды курбасак да, чакандарын салууга аракет кылабыз. Бул ниетибизди билдирип, Энергетика министрлиги менен «Росатом» ишканасы меморандумга кол коюшкан. Биз мунун үстүндө иштеп, окумуштууларыбыз илимий изилдөөлөрүбүздү улантышы керек. Анткени келечекте атом энергиясы актуалдуу болот», — деп билдирген Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн ЖМК өкүлдөрүнө маалымат жыйын өткөрүүдө.

«Алтынды көргөндө периште жолдон чыккан, кыргыз президенттеринин катасы «Кумтөр» болду»

Copyright © 2017 Maral FM