Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан «РусГидро» компаниясына 37 млн доллар төлөй турган болду

Кыска кабар | 10 Фев 2022 | 1971 | 0

Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча «РусГидро» менен болгон талаштар аягына чыкты. Бул тууралуу 10-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана чечүү жолдору» аттуу улуттук форумда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан «РусГидро» компаниясына 37 млн доллар төлөп берет, бул өлкөнүн карызы катары эсептелет.

«Энергетиктердин бул карызын мамлекет өзүнө алып, инвесторлорго Жогорку Нарын каскадын бошотуп берип жатышат. Эки өлкөнүн Өкмөт башчыларынын жана Каржы министрликтеринин деңгээлинде макулдашылды. Алдыдагы биринчи жана экинчи кварталдарда биз муну бүтүрөбүз. Биздин инвесторлорду Камбар-Ата жана Жогорку Нарын ГЭС каскаддары күтөт», — деди Жапаров.

2012-жылдын 20-сентябрында Орусия менен Кыргыстандын өкмөттөрү Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу жана эксплуатациялоо боюнча келишимге кол коюшкан.

Документте Нарын дарыясына төрт ГЭС: Ак-Булуң, Нарын-1, Нарын-2 жана Нарын-3 ГЭСтерин куруу каралган. Долбоорду ишке ашырууга орусиялык «РусГидро» компаниясы тандалган.

Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялагандан кийин «Русгидро» курулушка 37 миллион доллар сарптаганын билдирип, аны төлөп берүүнү талап кылып келген.

«РусГидродон» кийин чехиялык Liglass Trading компаниясы менен келишим түзүлгөн. Өкмөт чехиялык ишкерлер Кыргызстандын «РусГидрого» болгон карызын төлөй турганын жарыялаган. Liglass келишимдин шарттарын аткара албай, ал да токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM