Биз менен байланышыңыз

Зулушев: Менин эжем да каржы пирамидасынан жабыркады

Кыска кабар | 9 Фев 2022 | 700 | 0

Башкы прокуратурага бир эле каржы пирамидасынан жабыркаганын айтып 100дөн ашык жаран кайрылды. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралдагы басма сөз жыйында кабарлады.

Ал канча зыян келтирилгени тууралуу так маалыматы жоктугун, болжол менен 500 миң доллардан ашык чыгым болгонун айтты.

Башкы прокурор Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаеванын кызы аралашкан кылмыш иши боюнча комментарий берди.

«Украинанын жарандары Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстанга качкан экен. Алардын офисинде үч кыргызстандык жаран иштеген. Токбаеванын кызы да бар, менин маалыматым боюнча ал эки айга камакка алынган. Тергөө жүрүп жатат. Негизи пирамида боюнча юридикалык баа берүү аябай кыйынчылыкка турат. Себеби уюштуруучулар чет өлкөнүн жарандары, биз аларды кармап калганга мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок, иш козгоп, текшере баштаганда өлкөдөн чыгып кеткенине 15 күндөн ашып кеткен экен. Бирөөсү Өзбекстанда камакта. Биз кат жөнөтүп, аны суракка алууга, убактылуу берип турууга аракет кылып жатабыз, азырынча жыйынтык боло элек», — деди Башкы прокурор.

Зулушев журналисттин суроосуна жооп берип жатып, каржы пирамидасынан өзүнүн эжеси да 30 миң долларга жабыркаганын билдирди.

«Менин эжем да Ошто 15 койкалуу жеке клиникасы бар, аны иштеткенине 15 жылдан ашты. Ал да уулу менен каржы пирамидасына жазылган экен. Чыгымы 30 миң доллардан ашкан. Маалыматтар чыгып, иш козголгондон кийин арыз жазыңыз деп айттым. Бирок ал акчасын өндүрүп алууга көз жетпейт деп арыз жазган жок. Башка жабыркаган жарандар чара колдонуп берүүнү өтүнүп, арыз бергендер токтой элек», — деди Зулушев.

Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Айнаш Токбаеванын кызы 4-февралда каржы пирамидасы боюнча кылмыш ишинде шектүү катары кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM