Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жоолук күнү белгиленүүдө

Кыска кабар | 1 Фев 2022 | 380 | 0

1-февраль — Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү. Бул күн Кыргызстанда белгиленет.

Жоолук күнүн 2013-жылы диний ишениминен улам басмырлоого туш болгон америкалык активист Назма Хан негиздеген. Активист өзүнүн көз карашын интернет аркылуу элге ачык жайылтып, мусулман аялзатын басынтууга, кордоого каршы күрөшүп келет.

«Умма» ислам журналы 2016-жылдан бери бул күнгө карата атайын иш-чара өткөрүп, пикир алмашууга шарт түзөт.  Иш-чарага түрдүү курактагы ар кандай кесиптин ээлери жана ар кыл ишеним, көз караштагы аялдар катышат. Алар жоолуктун коомдогу ордун диний аспектен гана эмес, ар тараптан талдоого алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM