Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Көзүнөн жаракат алган кыргыз аскери Бишкекке которулат (видео)

Кыска кабар | 28 Янв 2022 | 488 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын кесепетинен 14 кыргыз аскери жабыркады. Бул тууралуу Баткен облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Абдилахид Абдуллаев билдирди.

Буга чейин 12 кыргыз аскеринин ооруканага түшкөнү кабарланган.

Дарыгердин айтымында, жаракат алгандардын бирөөсүнүн көзүнө октун чачырандысы тийген, аны Бишкектеги ооруканага которуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Калган жаракат алгандардын абалдары орточо оор деп бааланууда. Дары-дармек жетиштүү жана керектүү медициналык жардамдарды алышууда», — деди ал.

Маалым болгондой, Ош облустук бириккен ооруканасынан нейрохирург, травматолог, хирург жана торакалдык хирургдардан турган медициналык адистердин эки бригадасы Баткендин ооруканаларына барышкан.

Copyright © 2017 Maral FM