Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Йеменди Сауд Аравияга жасаган чабуулу үчүн айыптады

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 159 | 0

Тышкы иштер министрлиги ушул жылдын 23-24-январында Йемен аймагынан Сауд Араб Падышалыгынын Жизан жана Дахран-аль-Жануб шаарларына ракеталык чабуул жасалганына жана анын кесепетинен калк жабыркап, жарандык инфратүзүмгө зыян келгенине тынчсыздануусун билдирди.

Министрлик зомбулуктун күчөшүнө жана аймактагы кырдаалдын туруксуздашуусуна алып келип, калктын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч келтирген бул аракеттерди жана уланып жаткан чабуулду кескин айыптайт.

Министрлик достук мамиледеги Сауд Аравиянын элин жана өкмөтүн колдой турганын билдирип, жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM