Биз менен байланышыңыз

Төкмө акын Болот Назаров 48 саатка камалды

Кыска кабар | 23 Янв 2022 | 942 | 0

Төкмө акын Болот Назаров 48 саатка камалды. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов кабарлады.

Болот Назаров милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Төкмө акын Болот Назаров жана иликтөөчү журналист Болот Темиров 22-январда кармалышкан. Журналист эч жакка кетпөө тил каты аркылуу бошотулду.

Өнөрпоз Болот Назаров бийликтин туура эмес иштерин сындап ырдаган. Анын «Жемкорлукка», «Тууганды бийлер туташты», «Эки дос» жана «Камчыке, кара калкыңды» деген чыгармалары бар.

20-январда Temirov LIVE YouTube каналы «Эки күндө 37 миллион сом кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөө жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM