Биз менен байланышыңыз

Күч органдары иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесин тинтүүдө

Кыска кабар | 22 Янв 2022 | 1274 | 0

Тemirov Live телеканалынын журналисттеринин кеңсесине милиция кызматкерлери келишти.

Маалыматты ЖМК өкүлдөрү тастыкташты. Алар жеринде түз эфирден көрсөтүп жатышат.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темировдун иш бөлмөсүндө айрым документтерге кол коюуну талап кылышууда.

«Иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесине милиция келип тинтип жатат. Болот акыркы жолу УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин жакындары кандайча аз күндө миллиондорду тапканын иликтеген болчу.
Журналист иликтеп чыккан коррупционерлерди кармагандын ордуна булар ошол чынчыл журналистке кол салып жатышат», — деди журналист Али Токтакунов.

Расмий органдар бул боюнча комментарий бере элек.

Бир күн мурун эле Болот Темиров УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн тиешелүү күйүүчү май бизнесин жөнүндө иликтөө жарыялаган.

Сүрөт социалдык тармактан алынды.

Copyright © 2017 Maral FM