Биз менен байланышыңыз

2 253 адам Кыргызстандын жарандыгын алды

Кыска кабар | 21 Янв 2022 | 180 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу боюнча жарлыктарга кол койду. Бул Президенттин сайтына жарыяланды.

Белгилүү болгондой, жарандык берүү жана жарандыктан чыгаруу боюнча жалпы 2497  (1923ү чоң киши, 574 бала) арыз келип түшкөн.

Мунун негизинде өлкө башчы 5 жарлык менен 2253  адамды (1724 чоң киши, 529 бала) жарандыкка кабыл алса, дагы бир жарлык менен 244 адамды (198 чоң киши, 46 бала) жарандыктан чыгарган.

Тизмеден көрүнүп тургандай, жарандык алгандардын басымдуу бөлүгүн этникалык кыргыздар түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM