Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Депутат болуу үчүн диплом эмес, абийир керек

Кыска кабар | 21 Янв 2022 | 1457 | 0

Башмыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, ошондой эле референдумга катышууга укуктуу. Бирок 2019-жылы Жогорку Кеңеште кабыл алынган «Жогорку Кеңештин депутаты жогорку билимдүү болсун» деген норма Башмыйзамга каршы келет. Саясатчы Өмүрбек Текебаев депутат үчүн билимдүү болушу керек деген талап жакынкы күнгө чейин болгон эместигин жана башка өлкөлөрдө андай норма жок экенин белгиледи.

«Анткени качып-бозуп жүргөн революционерлер президент болгон. Лениндин деле, Сталиндин деле диплому болгон эмес. Башка өлкөлөрдө «депутат жогорку билимдүү болушу керек» деген норма жок. Кыргызстандын мурунку жана азыркы Конституциясында депутат болуу үчүн үч эле талап бар: жашы 25тен жогору болушу керек; Кыргызстандын жараны болушу керек; диний кызматкер болбошу керек. «Билими болушу керек, башкасы болушу керек» деген талаптар — Конституцияга каршы чектөө. Мен түрмөдө жатып, кат жазгам, «Ал болбойт, адамдар жүз жылдап күрөшүп келген демократиялык норманы түшүнбөстүк менен жок кылып жатасыңар», — деп. Алар айтат, «айылдык депутаттардын да билими жогорку  болушу керек, улакчылар депутат болуп келип алды», — деп. Статистика боюнча айыл жеринде 12% эле жашоочулардын жогорку билими боюнча диплому бар экен. Бул мектептин мугалими, врачтар, анан «чоңдор». Эми элдин атынан ошолор сүйлөп, каратаманды ошолор башкарып калабы? Анда демократия деген түшүнүк жок да. Мен 2019-жылы февралда кат жазгам». 

Ошондой эле ал 2019-жылы айрым кыйын эл өкүлдөрү «депутаттардын билими болушу керек» деген Конституцияга каршы норманы өткөрүшкөнүн сынга алды.

Мындан сырткары ал депутат болушу үчүн эч кандай дипломдун кереги жок экенин белгилеп, депутатка биринчи кезекте абийир керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM