Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында орун алган окуя боюнча комментарий берди

Кыска кабар | 21 Янв 2022 | 267 | 0

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-январда Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылындагы айланма жол тилкесиндеги Бакай жерлигинде тажик номери менен «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаа байкалган.

Аталган унаа «Ак-Сай» чек ара постунан Тажикстандын Ходжаи Аъло айылын көздөй катуу ылдамдыкта өтүп кеткен.

Тажикстандын Согди багыты боюнча чек ара өкүлү Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлүнө Кыргызстандын жарандары «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаанын алдыңкы айнегин талкалаганын билдирген. Ошол эле учурда айдоочуга кол салды деген маалымат тастыкталган жок.

Эки тараптын укук коргоо органдары келип чыккан окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM