Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлду деген жаран аныкталды

Кыска кабар | 21 Янв 2022 | 242 | 0

Бишкектеги «Азия Молл» соода борборунун имаратынан жардыруучу зат табылган жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Теракт коркунучу тууралуу билдирүү келип түшкөндөн кийин УКМКнын кызматкерлери ИИМдин кызматкерлери менен бирге окуя болгон жерге барып, соода борборунун кардарларын жана кызматкерлерин сыртка чыгарышкан.

ИИМдин кинология кызматы тарабынан имараттын жана ага чектеш аймакты текшерүү учурунда жарылуучу жана башка коркунучтуу заттар табылган эмес. Ошондуктан саат 19:00дө соода борборунун иши кайра жандандырылган.

Ошол эле учурда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө уюлдук номурдун ээси Кыргызстандын жараны «Т.И.» аныкталып, бул кылмышка катышы бар экени такталууда, ошондой эле окуянын башка жагдайлары териштирилүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM