Биз менен байланышыңыз

Президент Кыргызстандагы географиялык аталыштар жөнүндө мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 21 Янв 2022 | 446 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы географиялык аталыштар жөнүндө мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам административдик-аймактык бирдиктерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана айылдарга географиялык объектилерди табууга, изилдөөгө, өнүктүрүүгө же түптөөгө түздөн-түз катышкан адамдардын аттарын коюуга жол берет.

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илимдин, маданияттын, тарыхый инсандардын ысымдарын берүүгө болот.

Ошондой эле айрым объектилерге жоголгон, бирок мурдагы жана азыркы кеңири белгилүү болгон географиялык аталыштарды кайтарып берүү учурларына жол берүүгө багытталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM