Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Алты миңден ашык адам дарыланып жатат

Кыска кабар | 19 Янв 2022 | 187 | 0

Кыргызстанда 19-январга карата расмий статистика боюнча 6 миң 403 адам коронавирустан дарыланып жатат.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтарында айтылат.

Анын ичинен 5383 адам үй шартында, 1200ү стационарда дарыланууда.

53 адамдын абалы өтө оор, 293ү оор абалда. 667 бейтаптын абалы орточо, 7 бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Өлкөдө жалпы 192 миң 158 адамга коронавирус жукту. Анын ичинен 181 миң 426 киши айыгып чыккан, 2 миң 838 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM