Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнү белгиленет

Кыска кабар | 16 Янв 2022 | 240 | 0

Кыргызстанда 17-январь – Ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнү белгиленет. Бул тууралуу Кыргызпатент ишканасы билдирди.

Бул жылы майрам өзгөчө форматта өтөт. Каалоочулар иш-чарага онлайн жана оффлайн түрүндө катыша алат.

Иш- чара инженердик мектептин ачылышы менен башталып, “STEAM – билим берүү”, FABLab – гравировака жана лазердик кесүүчү станокту колдонуу боюнча мастер-класстар, графикалык дизайн боюнча киришүү сабагы, 3D принтерде басып чыгаруу үчүн 3D моделин түзүү, ошондой эле балдардын техникалык чыгармачылык көргөзмөсү менен уланат.

Иш-чарага республикадагы Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен областарынын, Ош жана Кызыл-Кыя шаарларынын мектеп жана мектептен тышкаркы мекемелердин жетекчилери, окуучулар, жалпысынан 3 000ден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM