Биз менен байланышыңыз

Өткөн жылы эң көп алкоголдук ичимдиктер менен тамеки кымбаттаган

Кыска кабар | 16 Янв 2022 | 279 | 0

Улуттук статистикалык комитет 2021-жылдагы керектөө бааларына талдоо жүргүзүп, эң көп алкоголдук ичимдиктер менен тамеки кымбаттаганын маалымдады.

Өткөн  жылдын январь-декабрында (мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы өлкө боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 11.2%ды түзгөн.

Ушул эле учурда тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 13.3%га, алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки 14.4%га, азык-түлүк эмес товарлар 9.7%га, кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 7.1%га көтөрүлгөнү байкалган.

2021-жылдын январь-декабрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы  (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын баардык региондорунда байкалган.

Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда эң чоң пайыздык көрсөткүч (14.9%) Жалал-Абад облусунда катталган. Ал жерде азык-түлүк эмес товарлардын баасы (20.1%га) жогору экени аныкталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM