Биз менен байланышыңыз

«Ата-Бейит» улуттук комплекси жаңыланат

Кыска кабар | 15 Янв 2022 | 297 | 0

«Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси жаңыланат. Бул тууралуу аталган комплексте өткөн мекемелер аралык көчмө жыйында маалым болду.

Жыйынга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Тышкы иштер министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Турак-жай жарандык курулуш департаменти, президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлгү, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы, “Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долборлоо институтунун өкүлдөрү катышты.

Анда “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагын жакшыртуу, тагыраагы ал жакка баруучу жол, белгилерди орнотуу, жашылдандыруу, аймагын кеңейтүү сыяктуу маселелер көтөрүлдү.

Жыйынтыгында долбоордук сметаларды, архитектуралык чечимдерди жана сунуштарды жакынкы аралыкта иштеп чыгуу макулдашылды.

“Ата-Бейит” улуттук комплекси Кыргызстандын тарыхын чагылдырган маанилүү объектилердин бири.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM